Бишкекте жаңы жыл түнү салют атылбайт

Бишкекте жаңы жыл түнү салют атылбайт

Бул жылы Бишкекте экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверк атылбайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Калаа башчы Айбек Жунушалиев мэриянын кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнө аянттын аймагындагы стихиялуу соода түйүндөрүн өзгөчө көзөмөлгө алып, фейерверктердин сатылышына жол бербөөнү тапшырды.

Ал эми борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык концерт саат 19.00дө башталат. Концерттик программаны ата мекендик артисттер тартуулашат.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн 31-декабрда түнкү саат 1ге чейин автобус, троллейбус, кичи автобустар каттайт. Алардын каттамдары тууралуу мэрия кийинчерээк маалымдайт.

Мэрия шаардыктарды “Ала-Тоо аянтында” пиротехникалык буюмдарды колдонуудан алыс болууга, жеке буюмдарына этият болууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>