Айыл-чарба министрликтин мурдагы башчысы Тилек Токтогазиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Ысык-Көл облусунун дыйкандарынын 309-токтомуна нааразы болгон видеолорун жүктөдү.
Ал видеолордогу кайрылууларында аталган токтомду артка кайтарып алуу талаптары айтылат. Ошондой эле жайыт мыйзамын мурдагы боюнча эле калтырууну да айтышууда.
Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында 309-токтомун чыгарган. Дыйкандар бул токтомдун “мамлекеттик фонддогу жерлердин ижарага берүүдө ири чарбаларга кетип калат” – чочоулап жатышат. Ал эми Айыл-чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев Reporter.kgге маалымат туура жетпей калганын, токтом, тескерисинче көп жылдан бери ээлеп, өз максатында иштетпеген жерлерди иштете тургандарга алып берүүнү көздөөрүн билдирген.