11-майдан тарта Бишкек мэри шаардын бардык райондорунун тургундары менен жолугушат4-май: Өлкө аймагында жамгыр жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөтПутин Бишкектин түштүгүндө КРСУнун кампусун куруу боюнча макулдашууну ратификацияладыБаткен облусунда сел жүрдү: 149 адам эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди3-май: Өлкө аймагында жамгыр жаайт, айрым жерлерде катуу болушу күтүлөтКыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомго
Кайра шайлоо: БШК мүчөлөрүнүн айлыгына 2,5 млн сом бөлүндү
08.02.2022 | 09:24
Бишкектин бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо учурунда БШК мүчөлөрүнүн айлык акысына 2,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу сметага шилтеме берүү менен ведомстводон билдиришти.
Соцфондго чегерүү 443 миң сомду түзөрү такталды. Байланыш акысы – 356 миң сом. Транспорттук чыгымдар камтылган эмес. Чыгашалардын эң кымбат статьясы – “башка товарларды жана кызматтарды алуу”, документте кайсынысы көрсөтүлгөн эмес, бирок 2,3 млн. чарбалык товарлар 464 миң сомду түзөт.
Чыгымдардын жалпы суммасы 6 миллион 15 миң сомду түзөт. Анын 5,8 миллиону БШКга, 356 миң сому УШКга кетет.
Кайталап шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика