Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Доллар менен насыя алгандардын эсине! Насыялар сом менен төлөнөт
10.03.2022 | 14:30
Доллар менен насыя алгандардын акчасы сомго которулуп, мындан ары сом менен төлөй башташат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңеште өкмөттүн антикризистик иш аракеттери туурасында маалымат берип жатып билдирди.
“Чет өлкөлүк валюталар менен берилген бюджеттик насыялар улуттук валютага бекитилет”- деп кыскача айтты.
Ушул тапта доллардун курсу 100 сомдон ашып, Кыргызстанда азык-түлүк продукциялардан тарта бардык товарларда кымбатчылык байкалууда. Буга чейин доллар менен насыя алган ишкерлер кредиттерин төлөй албай жатканын айтып чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика