Ош: Жеке колго өтүп кеткен оорукананын жери мамлекетке кайтарылды

Ош: Жеке колго өтүп кеткен оорукананын жери мамлекетке кайтарылды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, социалдык багыттагы жерлер жана имараттар мыйзамсыз берилип кеткендиги боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүдө, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 млн 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүүнү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>