2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр Жапаров
Азия чемпиондугу: 3 кыргыз спортчу коло үчүн күрөшөт
24.04.2022 | 10:26
Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында үч кыргызстандык коло медаль үчүн күрөшөт. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрө аласыздар.
Улукбек Жолдошбеков 61 килограммга чейинки салмакта, Ислам Орозбеков менен Саякбай Усупов 74 килограммга чейинки салмактан 86 килограммга чейинки салмакта жарым финалга чыгышты.
Бирок 1/2 финалда алардын баары атаандаштарына утулуп, эми үчүнчү орун үчүн ат салышат.
Ачылыш беттешинде дагы бир кыргызстандык жеңилип калды.
Чемпионаттын финалдык бөлүгү Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө башталат.
Эске салсак, эркин күрөштүн алдында балбандар эки коло жана бир күмүш байгеге ээ болушкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт