Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Францияда азыркы президент Эммануэль Макрон менен ашынган оңчул саясатчы Марин Ле Пендин ортосундагы таймаш болуп жатат.  Шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө.

Француз шайлоочулары президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы центрист Эммануэль Макрон менен ашынган оңчул саясатчы Марин Ле Пенди тандоо үчүн добуш беришти.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, 44 жаштагы Макрон алдыда турат, бирок аналитиктер шайлоочулардын аз катышуусу шайлоонун жыйынтыгын эки тарапка тең бурушу мүмкүн деп эскертишет. 48,7 миллионго жакын жаран шайлоо укугуна ээ.

Шайлоо участкалары жекшемби күнү таңкы саат 8:00дө (GMT 06:00) ачылып, ири шаарларды кошпогондо, көпчүлүк жерлерде 19:00дө, кээ бир шайлоо участкаларын саат 20:00гө чейин ачык болот.

Макрондун популярдуулугу 2017-жылдан бери төмөндөдү, бирок Украинадагы согуш анын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгүн күчөттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>