Кыргызстандын креативдүү индустрияларынын биринчи фестивалы болуп өттү

Кыргызстандын креативдүү индустрияларынын биринчи фестивалы болуп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, CREATE4KG Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын биринчи фестивалына катышты. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестиваль өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын бүтүндөй коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо максатында чыгармачылык жана инновациялар жумалыгынын алкагында өткөрүлүүдө.

Фестивалдын негизги милдети — кеңири аудиторияга заманбап реалдуулукта алардын жөндөмдөрүн жана чыгармачылыгын монетизацияга айландыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун көрсөтүү.

Креативдүү экономиканы мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Президент Садыр Жапаровдун «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюусу менен бекемделди.

Мамлекет башчысы иш-чарада катышуучуларга сөз сүйлөп, креативдүү экономика бул өткөн тарыхыбызга, андан бери келаткан каада-салтыбызга, ошончо мезгилден бери топтолгон тажрыйбабызга таянуу менен заман талабына жараша мындай баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол экенин баса белгиледи.

Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен өз кезегинде креативдүү экономика — борбордон ажыратылган киреше мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган жана инклюзивдик жана социалдык жактан бирдиктүү коомдун өнүгүшүнө салым кошкон уникалдуу жана динамикалык сектор экендигин белгиледи. Өнүгүү процессинин борборуна таланты жана жөндөмү бар адамдарды коюу жана кызматташууга дем берүү жана бардык чек араларды жана бөлүнүүчүлүктөрдү жок кылуу.

Садыр Жапаров андан соң креативдүү жарманкеге жана сүрөтчүлөрдүн аллеясына барып, жаратман индустриянын продукциялары менен таанышты.

Бул фестиваль Кыргызстандагы масштабдуу аянтчалардын биринчиси болуп саналат, ага ар кыл курактагы, креативдүү индустрия кесибине кызыккан миңге жакын катышуучулар тартылды. Кыргызстан, АКШ, Россия, Казакстандын IT тармагынын, санариптик (digital) кесиптери, искусство жана башка креативдүү индустриянын ийгиликтүү өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>