Бүгүн Кыргызстанда COVID-19дун 91 учуру катталды

16.07.2022 | 15:30

16-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 91 учуру катталды. Бул тууралуу COVID-19 каршы Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка караганда, 3 учур сырттан келгендер. Бардык учурлардан: 63 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан 21 адам өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. Жаш курагы боюнча: 6 жашка чейин – 7 (7,7%) 7-17 жаш – 7 (7,7%) 18-29 жаш – 11 (12,1%) 30-64 жаш – 53 (58,3%) 65 жаштан жогору – 13 (15,4%).

Амбулатордук дарыланууда — 85, ооруканада жаткандар — 16. Учурлар: Бишкек ш. – 75 Ош ш. – 5 Талас обл. – 1 Ош обл. – 1 Ысык-Көл обл. – 1 Чүй обл. – 8 учур аныкталган. 2022-жылдын 16-июлуна карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл аймакта турушат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 505 учуру катталган, адам өлүмү учурлары 1,5%. 2022-жылдын 6 ай 15 күнүндө COVID-19дун 16 757 учуру катталган, анын ичинде 14 763 (88%) лабораториялык жана 1994 (12%) клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруга чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) тастыкталган.

Scroll to Top