Казакстанда үйдүн короосуна ташталган ымыркайдын абалы оор

Казакстанда үйдүн короосуна ташталган ымыркайдын абалы оор

Казакстандын Караганда шаарындагы үйдүн короосуна ташталган ымыркайдын абалы оор. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, 15-июль күнү саат 21.00дөр чамасында Караганды шаардык ички иштер башкармалыгынын борбордук бөлүмүнө “көп кабаттуу үйдүн короосунан табылган жаңы төрөлгөн эркек бала медициналык мекемелердин бирине жеткирилген”- деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген.

21 жаштагы күбө билдиргендей, ал кечинде үйдүн кире беришинен чыгып, отургучтун жанынан кагаз картон кутучанын ичинде жуурканга оролгон ымыркай турганын көргөн. Кыз аны колтугуна алып, жакынкы медициналык мекемеге алып барган.

Дарыгерлердин айтымында, наристе эки сааттай мурун үйдө төрөлгөн.

Ымыркай ара төрөлгөн, абалы оор. Учурда бала перинаталдык борбордо дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери баланын апасы 23 жаштагы облус тургунун аныктап, кармашты.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Тэги: ымыркай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>