Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков суроолорго жооп берүү үчүн Google формасын иштеп чыкты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, министр жума сайын суроолорго жооп берет.
«Ар бир адамдын мага суроо берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн анкетаны толтуруп, суроо жазышыңыз керек, эгер фото же видео материалдар бар болсо, ошол жерге тиркесеңиз болот», — деп айтылат билдирүүдө.