Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Кафе, ресторандар менюсуна жергиликтүү суусундуктарды киргизүүгө милдеттендирилет
04.08.2022 | 21:35
Кафелер менен ресторандардын менюсунда суусундуктардын кеминде жарымы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынан турушу керек. Мындай сунушту КР Экономика жана соода министрлиги киргизди. Тиешелүү токтомдун долбоору министрлер кабинетинин сайтында жайгаштырылган.
Документ жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан.
«Коомдук тамактануу жайы ар кандай алкоголсуз, алкоголсуз суусундуктарды сатууда, алардын ассортименти продукциянын ар бир түрү боюнча 50%дан кем эмес ата мекендик продукциядан турушу керек», — деп айтылат документте.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул норма жергиликтүү мыйзамдарга, ЕАЭБ жана ДСУнун нормаларына каршы келбей турганын белгилешет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика