Кыргызстандагы жапырт камакка алуулар боюнча БУУ үн катты

Кыргызстандагы жапырт камакка алуулар боюнча БУУ үн катты

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсесинин басма сөз катчысы Лиз Тросселл Кыргызстандагы саясатчылардын жана активисттердин кармалышы жана камакка алынышы боюнча комментарий берди. Билдирүү уюмдун сайтында жарыяланды.

Белгиленгендей, дем алыш күндөрү милиция үйлөрүн тинтүүгө алып, камакка алгандан кийин Кыргызстанда активисттер менен блогерлер баш болгон 20дан ашуун адам камакта калууда. 24-октябрда алар СИЗОго эки айга камалган, аларга оор айыптар тагылган, анын ичинде массалык баш аламандык уюштуруу делгени да бар.

«Кармалгандардын басымдуусу Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо үчүн түзүлгөн топтун курамындагылар. Алар чек араны делимитациялоо боюнча келишимге ылайык өлкө өкмөтү аны коңшу Өзбекстанга өткөрүп берет деп тынчсызданышууда. Ошондой эле мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукту талап кылуу менен байланыштуу катары каралууда», — деп айтылат билдирүүдө.

«Биз бийликти эл аралык мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессти жана адилеттүү соттук кепилдиктерди камсыз кылууну толук камсыздоого чакырабыз», — деди Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын басма сөз катчысы.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө бул адамдар күнөөсүз деп эсептелерин жана алдын ала камоо өзгөчө болуп, адам укуктарынын эл аралык нормаларына жана стандарттарына ылайык негиздүү, зарыл жана мыйзамда белгиленген учурларда гана колдонулушу керектигин эскертебиз.

 «Ошондой эле биз бийликти кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусун жана мазмундуу маалымат алмашууну камсыз кылууга чакырабыз. Адамдардын сөз эркиндиги жана маалымат алуу укуктары, ошондой эле коомдук турмушка катышуу укугу сакталууга тийиш. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жергиликтүү калк менен натыйжалуу кеңешүүлөрдү жүргүзүү зарыл», — деди ал Лиз Тросселл.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>