Бишкекте камоолорго каршы жөө жүрүш өтүп жатат. Түз эфир

Бишкекте камоолорго каршы жөө жүрүш өтүп жатат. Түз эфир

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өтүп жатат.

Акцияга катышуу үчүн 200гө жакын активисттер жана жарандар келген.

Жөө жүрүш Эркиндик бульварында темир жол бекетинин жанында башталып, борбордук «Ала-Тоо» аянтына чейин уланат.

Активист Элери Битикчи жөө жүрүшкө чыккандар кечээ камакка алынган активист жана саясатчылар бошотулсун деген талаптарды коюшту.

Акциянын аягында катышуучулар Кембир-Абад суу сактагычы берилбесин, саясий куугунттуктар токтосун жана камалгандар бошотулсун деген талаптар жазылган петицияга кол коюшту. Кол койгондордун саны 215ке жетти. Петиция президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештин аппараттарына берилет.

23-октябрда Бишкекте 20дан ашык оппозициялык саясатчы менен активисттер 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Жөө жүрүш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>