Дарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалдыЧүй районунда 202 гектар аянтка өнөр жай аймагы түзүлөтБишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОшто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалууда
Кийинки жылы алтын рудасын экспорттоого тыюу салынат
26.10.2022 | 20:06
Кийинки жылдын майынан тарта Кыргызстандан алтын рудасын жана алтын концентратын экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын рудасын жана алтын концентратын өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленген.
Муну менен бирге, “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтын рудасын жана алтын концентратын кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика