Бишкекте мыйзамсыз “Ош сила” лотереясын өткөргөн топ кармалдыКыргызстанда өлүм жазасын киргизүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлдуЧүйдө эки жаш баланы жүк ташуучу унаа коюп кетип, каза болуштуШератондогу жаңжал: Сот Зарина Воинова жана анын бир тууганы боюнча өкүм чыгардыИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда өлтүрүлдүКиши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалды
Ошто кикбоксинг боюнча Азия чемпиону Хакимовду тосуп алышты
24.12.2022 | 14:31
Кечээ, 23-декабрь күнү Ош шаарындагы эл аралык аэропортто кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында 71 кг салмакта алтын медалдын ээси Аброр Хакимовду салтанаттуу тосуп алуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.
Салтанаттуу аземге шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, кесиптештери, машыктыруучулары, спортчулар жана спортчунун жакындары катышты.
Жолугушуу аземинде машыктыруучу менен спортчуга улуттук кийимдер – чепкен жана ак калпак кийгизилди.
Белгилей кетсек, 11-19-декабрь аралыгында Таиланддын борбору Бангкок шаарында кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты өткөн. Алтын медаль үчүн жолдо биздин спортчу Тайбэй, Казакстан, Иран жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт