Кадамжайда нотариустун мыйзамсыз иштери аныкталды

Кадамжайда нотариустун мыйзамсыз иштери аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке нотариалдык контора тарабынан мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Баткен облусунун Кадамжай районунун жеке нотариалдык конторасы, А.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына катталып, анын Т.Г.С. аттуу жубайы лицензиясы жана уруксаты жок нотариалдык иш-аракеттерди мыйзамсыз берүү жана бурмалоо фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүм (Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>