«Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү

«Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү

Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды.

Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

Белгилей кетсек, «Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон. Ал 2020-жылы короновирус илдетинен улам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнө салды

Тэги: акун

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>