БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Чаткалда электр өчтү. Кошумча бригада көчкүдөн өтө албай турат
17.02.2023 | 20:01
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы калың жааган кардан улам курулуш фидеринде авариялык өчүү катталып, калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 110/35/10 кВ “Жаңы -Базар” көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Курулуш фидеринде электр жарыгы авариялык негизде өчкөн.
Ал эми азыркы учурда Ак-Таш айылында электр жарыгы жок. Айылдагы электр монтерлор текшерүү жумуштарын жүргүзүүдө. Кошумча бригада ортодогу ашуудан тынбай кар көчүп коркунуч жаралгандыктан, өтө албай турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар