Казакстанда жогорку билимдүү жаштардын 40%дан ашыгы өз кесиби менен иштебейт. Бул тууралуу КазТаг жазып чыкты.
Маалыматка караганда, көз карандысыз уюмдардын сурамжылоолоруна ылайык, жогорку билими тууралуу диплому бар казакстандык жаштардын 40%дан ашыгы өз кесиби менен иштебейт.
«Казакстан жаштары-2022» улуттук баяндамасында айтылгандай, 2021-жылы казакстандык бүтүрүүчүлөрдүн 30%дан ашыгы жумуш таба алган эмес.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн изилдөөчүлөр бейформал билимди таануу жана микроквалификацияларды практикага киргизүү пландаштырылууда деп эсептешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз