17 жаштагы Акбермет Жорокулова бир айдан бери табылбай жатат

23.03.2023 | 23:04

Дээрлик бир айдан бери 17 жаштагы Жорокулова Акбермет изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-февралда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон аялдын жакындары арыз менен кайрылган. Алар ошол эле күнү түшкү саат бирлер чамасында Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбеген Жорокулова Акберметти издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Ошондон бери андан кабар жок.

Белгилери: бою 165-168 см, орто денелүү, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: ак жакалуу кара куртка, капюшону бар кара фуфайка, кара шым, ак өтүк.

Милиция Акбермет Жорокулованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top