Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Оюнчук” аталышындагы дүкөндү чагып кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 12-март күнү Талас ШИИБне дүкөн ээси арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 11-12-мартына караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Оюнчук” аталышындагы дүкөнүнүн ичинен 230000 сом акчасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирген.
Андан көп убакыт өтпөй, ошол эле аймакта уюлдук телефон саткан дүкөндө жалпы баасы болжолу менен 29 миң сомду түзгөн телефондор уурдалганы белгилүү болгон.
Аталган фактылар Талас ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, КРнын кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Талас ОИИБдин жана ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде, бул кылмыштарга шектүү Кара-Буура районунун, Кара-Сай айылынын 21 жаштагы К.Х. аттуу жаран кармалган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз