Ленин районуна ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Ленин районуна ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык,  шайлоо күнү 28-май күнү, жекшембиге белгиленди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурат. Министрлер кабинети зарыл болгон финансылык каражаттарды таап берет.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин райондук бир мандаттуу округда эки айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>