Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева менен жээни Кайрат Сатыбалды Алматыга жакын жерде 2 миң гектар жеринен ажырап калганын аталган КазТАГ билдирди.
Андагы маалыматка караганда, жума күнү Алматы облусунун прокуратурасынан ырастагандай, облустук көзөмөл органы Назарбаева менен Сатыбалдыга тиешелүү жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып берген.
Жалпы аянты 2 миң гектарды түзгөн бул жерлер Алматы облусунун Жамбыл жана Карасай райондорунда жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз