Баткендин милициясы үч айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Баткендин милициясы үч айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 14-апрель күнү Баткен облустук милициянын быйыл 3 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жыйынга Баткен облустук милициянын жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты.

Милициядан билдиришкендей, кеңешмеде облус аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана алдын алууда үч ай аралыгында аткарылган иш-чаралар боюнча кеңири маалыматтар берилди. Элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп, санариптештирүү багытында облустагы ар бир ички иштер бөлүмдөрүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, коомдук тартип көзөмөлдөнүүдө.

«Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу боюнча аныкталган 7 приоритеттүү багыты боюнча коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалыматтер берилди.

Ар бир райондогу, шаардагы милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде алыскы тоолуу аймактарга барып, калктын көйгөйүн чечүүнү жеңилдетүү максатында 2023-жылдын 3 ай аралыгында 158 жолу чыгуу жасады. 254 арыз-даттануулар катталып,  анын ичинен 2 коопсуздук маселеси менен байланышкан арыз ички иштер бөлүмдөрүнө катталып, чечилген. Ал эми 224 жаранга юридикалык кеңештер берилип, кайрылуулары жеринде чечилген», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, үч айда Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жарандарга 1050 протокол толтурулуп, сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынган.

Баткен ОИИБнин начальниги Мурат Боронов ар бир район, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын угуп, ИИОго катталган арыздар таза жана калыс тергелишин талап кылып, коомдук жайлардагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында катуу тапшырмаларды койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>