Ысык-Көл: Туристтик милиция өрттөнүп жаткан унааны өчүрүштү

Ысык-Көл: Туристтик милиция өрттөнүп жаткан унааны өчүрүштү

Бүгүн, 14-апрелде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору унааны өчүрүүгө жардам берип, өрттүн алдын алышты. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Кызыл-Суу айылынан «Ауди» үлгүсүндөгү унаа өтүп бара жатканын, унаа түтөп, жалын мотор бөлүгүн каптап кеткенин байкашкан. Анын жанында дагы бир нече унаалар болгон.

Милиция кызматкерлери унаанын ээсин токтотуп, кызматтык унаадан өрт өчүргүчтөрдү алып, өрттү локалдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүшкөн. Жалын өчүрүлгөндөн кийин милиция кызматкерлери унаанын ээсине жана жүргүнчүлөрүнө эч нерсе коркунуч туудурбаганына ынанышып, өз жолуна түшүшкөн.

Куткарылып калган унаалардын ээлери тартип сакчыларына ыкчамдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өрт унаа

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>