Борбор калаанын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2″парктарында өз билемдик орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттер демонтаждалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө жеңилдетилген типтеги 15 объект жана башка объекттер (күч өлчөгүч, балмуздак, жүгөрү ж.б.) демонтаждалды.
«Ушундай рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүү пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын мэриясы объектилерди баш калаанын парктарына башаламан тартипте өзү билемдик менен орнотпоону өтүнөт» деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз