Этникалык кыргыздарды колдоо мыйзам долбоору жактырылды

Этникалык кыргыздарды колдоо мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында депутат Улан Примов тарабынан демилгеленген, “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоору тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, колдонуудагы мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацын төмөнкүдөй мазмунда толуктоо сунушталууда: “Кыргызстандын чет мамлекеттеги мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин  кабыл алат жана алар каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт”.

Ошондой эле жыйында  Жогорку Кеңештин депутаттары “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоорун да карап, үчүнчү окууда колдоп беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>