ШКУ аскерлери бирге машыгууда

18.09.2021 | 17:37

Орусияда өтүп жаткан ШКУнун машыгуусуна Кыргызстандын Куралуу күчтөрдүн атайын даярдыктагы аскерлери катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оренбургдун жанындагы Донгуз полигонунда 11-сентябрдан 25-сентябрына чейин Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн 2021 тынчтык миссиясынын антитеррордук командалык-штабдык машыгуулары өткөрүлүүдө. Ага Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген жалпы 4 миң аскер кызматкери катышууда.

Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн “Скарпион” атайын бөлүгүнүн 100дөн ашык аскери катышууда.

Машыгуу учурунда аскерлер антитеррордук операцияны иштеп чыгышат. Бул машыгуунун максаты – эл аралык террордук уюмдарга каршы кирөшүү деңгээлин жогорулатуу.

Машыгууларга Борбордук аскер округунун авиациясы-Ми-8 тик учактары, СУ-24МР чалгындоо учагы, СУ-34 истребитель бомбардировщиктери жана Ил-76 аскердик транспорт учактары тартылган.

Scroll to Top