Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париждин көчөлөрүндө самокат тепкенди үйрөнүп жаткан видеосун өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.
Ал “азыр Европанын баардык шаарларына самокат системасы иштей баштады. Экономикасы эбегейсиз. Мен муну 4-5 жыл мурун Лос Анджелестен көрдүм эле. Азыр Парижде самокат кадимкидей эле көрүнүш” деп кошумчалаган.