Улуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салды
Бишкек: М.Фрунзе заводуна бомба коюлду
20.09.2021 | 16:57
Бүгүн күндүзгү саат үчтөр чамасында милицияга Бишкек шаарындагы М.Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милиция жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу иликтөөгө алууда. Бул туурасында Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул тапта заводдогу кызматкерлерди коопсуз жайга чыгарып, аймакты курчоого алышты.
Мындан тышкары УКМКнын кызматкерлери да аталган аймакка келген.
Милиция окуяны кийинчерээк маалымдаарын билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом