Чүй районунда адам уурдоого шектүүлөр кармалышты

Чүй районунда адам уурдоого шектүүлөр кармалышты

Чүйдүн Искра айылында бейтааныш 3 адам 31 жаштагы М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, аны белггисиз тарапка уурдап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кыматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрда болжол менен саат 21:00 чамаларда болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси менен катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелишип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалышкан. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгышып, коркутушуп, 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>