Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы
Бишкек: М.Фрунзе заводуна бомба коюлду
20.09.2021 | 16:57
Бүгүн күндүзгү саат үчтөр чамасында милицияга Бишкек шаарындагы М.Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милиция жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу иликтөөгө алууда. Бул туурасында Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул тапта заводдогу кызматкерлерди коопсуз жайга чыгарып, аймакты курчоого алышты.
Мындан тышкары УКМКнын кызматкерлери да аталган аймакка келген.
Милиция окуяны кийинчерээк маалымдаарын билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом