Мечиттеги садака кутусунан акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Мечиттеги садака кутусунан акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары 31 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Чүй облусунда жана республиканын башка региондорунда ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталууда. Бардык фактылар боюнча текшерүү иштери башталып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин ушул жылдын август айында социалдык тармактарда белгисиз эркек киши Токмок шаарындагы мечиттен садака кутусунан акча уурдаган видео материал жарыяланган. Ал адамдын кылыктары видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп келген.


 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>