ЖМК: Орусия менен Украина бүгүнкү сүйлөшүүсүн жыйынтыктады

29.03.2022 | 17:54

Стамбулда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктап, талкуу үч саатка созулганын Анадолу агенттиги кабарлады.

«Орусия менен Украинанын Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктады», — деп билдирди агенттик Твиттерде.

Жолугушуу Москва убактысы боюнча саат 11.30да башталып, Долмабахче президенттик сарайында жабык өттү. Бүгүнкү сүйлөшүүнүн жыйынтыкталганы  туурасында маалымат Бишкек  убактысы боюнча саат 17 :10дө  пайда болду.

Орус делегациясын мурдагыдай эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келди. Сүйлөшүүлөр алдында Мединский менен Жогорку Рададагы «Слуга Народа» фракциясынын лидери Давид Арахамиянын жолугушуусу болду.

ЖМК: Стамбулда Орусия-Украин сүйлөшүүсү башталды

Scroll to Top