ЖМК: Стамбулда Орусия-Украин сүйлөшүүсү башталды

ЖМК: Стамбулда Орусия-Украин сүйлөшүүсү башталды

Стамбулдагы Долмабахче сарайында Орусия менен Украинанын делегация мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Бул туурасында орусиялык РИА Новости өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, Стамбулда Орусиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский менен Украинанын Жогорку Радасындагы “Слуга Народа” фракциясынын башчысы Давид Арахамия экөөнүн эки тараптуу жолугушуусу башталганын РИА Новостиге дипломатиялык булак билдирди.

Сүйлөшүүлөр түрк лидеринин Долмабахче резиденциясында өтүүдө.

Жыйын башталар алдында Түркиянын президенти Тайип Эрдоган делегациялардын алдында сөз сүйлөп, жыйынтыкка жетишүүнү каалады.

Ал Өзбекстанга барышы керек экенин, бирок тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «керек болсо колдоо көрсөтүү үчүн» Стамбулга кетип жатканын айтты.

Андан тышкары залда орусиялык ишкер Роман Абрамович да болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>