IBC Global: Кыргызстандагы кампа рыногу 2030-жылга чейин 6 эсе өсөт

IBC Global: Кыргызстандагы кампа рыногу 2030-жылга чейин 6 эсе өсөт

IBC Global эл аралык консалтинг компаниясынын божомолуна ылайык, Кыргызстандагы сапаттуу (A жана A+ класстагы) кампалардын рыногу кескин өсөт.

Маалыматта айтылгандай, кампалардын аянты 2025-жылдын башында 108 миң м² болсо, 2027-2028-жылдары 1,3 миллион м²ден ашары күтүлүүдө. Ал эми 2030-жылга карата өлкөдө сапаттуу кампалардын рыногу 1,6 миллион м²ден ашат деп болжолдонууда.

«Кампа рыногунун 12-15 эсе өсүшү Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык өнүгүүнүн лидери кылат»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган компания 2025-жылдын июнь айына карата сапаттуу кампа аянттарына болгон таңсыктык 250 миң м² деп бааланып жатканын кошумчалады.

«А класстагы бош жайлар дээрлик жок. Кампа мүмкүнчүлүктөрүнүн 90%ы Бишкек менен Чүй облусуна туура келет. Мындан тышкары, Бишкек — Ош коридору жана чек ара аймактары боюнча да өнүгүү байкалууда»,- деп билдирди IBC Global .

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>