Ички иштер органдарындагы терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү жары көрдү

Ички иштер органдарындагы терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү жары көрдү

ИИМде «Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүнүн» бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бул иш-чарага министр Улан Ниязбеков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

«Аталган сөздүк Кыргыз милициясынын тарыхында алгачкы жолу жарык көрүп жаткан эмгек. Бул сөздүк ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан түзүлүп, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы терминологиялык комиссия тарабынан кароодон өтүп, басууга сунушталган. Аталган сөздүк алгач долбоор иретинде 2022-жылы жарык көргөн. Ал эми акыркы варианты 2023-жылы терминологиялык комиссиянын макулдугун алып, улуттук комиссия тарабынан басмаканадан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Ниязбековдун айьымында, ички иштер органдарында колдонулган терминдердин бирдиктүү эрежеге салынышы, түшүнүктөрдүн жана терминдердин ар түрдүү жана орунсуз колдонулушуна гана бөгөт койбостон, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишинде тактыкты камсыз кылат.

Жолугушуунун аягында министр келген меймандарга Ички иштер министрлигинин атайын сыйлыктарды тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ Сөздүк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>