1-июлдан тарта Кыргызстанда автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок автотранспорт каражаттарынын ээлерине айып пул салына баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Тишелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алган. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга — 3 миң сом, юридикалык жактарга — 13 миң сом.
Камсыздандыруу полисинин базалык наркы 1 мин 680 сомдон башталат. Төлөмдөр үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабат. Кенемте 100 000 сомдон 150 000 сомго чейин төлөнөт.
Тарифтер жана камсыздандыруу суммалары:
— адам өмүрүн алган учур катталса— 300 миң сомго чейин;
— жаракаттар — 100 миң сомго чейин;
— мүлккө зыян келтирүү — 150 миң сомго чейин.
Полис алуу үчүн керектүү документтер:
— келишим түзүү жөнүндө арыз;
— паспорт, аскердик билети же айдоочулук күбөлүк (жеке жактар үчүн);
— юридикалык жактын каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
— транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техпаспорт);
— диагностикалык карта (эгерде бар болсо);
— транспорт каражатына ээлик кылуу укугун тастыктаган документ же ээлик кылуу укугу камтылган ишеним кат.