ИИМ: 1-майга караган түнү Бишкектеги бардык тосмолор алынат

ИИМ: 1-майга караган түнү Бишкектеги бардык тосмолор алынат

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парлемент жыйынында депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып, 1-майга караган түнү Бишкек шаарынын ичиндеги бардык тосмолор алынарын айтты.

Министрдин айтымында жалаң жөө жана автоунаа патрулдары шаарда көзөмөл жүргүзүшөт.

Мындан соң Бекешев эртең ишке чыга турган таксисттер электрондук өткөрмө кагаздарды кантип аларын сурады.

Бул суроого Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жооп берип, алардын баары буга чейин берилген патент аркылуу текшерилерин айтып өттү.

Депутат премьер-министрге жана өкмөт мүчөлөрүнө кайырылып, тосмолор алынса, анда электрондук өткөрмө кагаз берүүнүн зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>