Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
ИИМ: Бажы кызматкери кармалды
10.01.2020 | 18:17
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бараткан 253 500 долларлык тамеки заттары бажы кызматы тарабынан өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын М.Б. аттуу кызматкери кармалып, Бишкек шаардык тергөө абагына киргизилген.
Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар