Салык кызматы Cold Brew суусундугун алып коюу боюнча түшүндүрмө бердиБорбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Москвада коопсуздук маселелерин талкуулаштыАла-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтөтЖыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттүFIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы Ала-Тоо аянтында чоң экрандан көрсөтүлөтКыргызстанда жаңы жер тилкелерин легалдаштырууга уруксат берилди — президенттин жарлыгы
ИИМ: Бажы кызматкери кармалды
10.01.2020 | 18:17
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бараткан 253 500 долларлык тамеки заттары бажы кызматы тарабынан өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын М.Б. аттуу кызматкери кармалып, Бишкек шаардык тергөө абагына киргизилген.
Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар