Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бензин сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматтары тастыктайт.
Тендердин жалпы суммасы 16 миллион 838 миң 445 сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, мекеме АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди, ошондой эле дизель жана газ отундарын сатып алууну пландоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз