Аскердик кызмат өтөбөгөндөр прокуратурада, укук коргоо органдарында иштей албайт

Аскердик кызмат өтөбөгөндөр прокуратурада, укук коргоо органдарында иштей албайт

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Сыдыгалиев, У.Примов, Н.Нарматова, Г.Култаева, Ж.Кыдыкбаев, М.Абдалиев, М.Маматалиев, А.Исатбек кызы, Н.Алимбеков, А.Атажанов, Ч.Ажибаев, А.Осмонов,Э.Сатыбалдиев, Б.Сыдыков, Н.Азыгалиев, М.Мураталиев, М.Самыйкожо, У.Бакасов жана Н.Ражабалиевдер сунуштаган.

Демилгечи депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, аскердик милдет жана аскердик кызмат жаатындагы укуктук жөнгө салууну чыңдоо жана ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Ата Мекенди коргоо боюнча конституциялык парыздарын жана милдеттерин ишке ашыруу, аскердик, укук коргоо кызматтарына жана Кыргызстандын прокуратура органдарына кызматка кирүүнүн беделин жогорулатуу максаттарында иштеп чыккан.

Ушуга байланыштуу, жарандардын аскердик кызмат, укук коргоо органдарында жана прокуратура органдарында кызмат өтөөсү каралган Кыргызстандын министрликтерине жана ведомстволоруна ишке кирүүдө милдеттүү түрдө мөөнөттүү аскердик жана альтернатитвдик кызмат өтөөсү каралган ушул мыйзам долбоору демилгеленүүдө.

Жыйындын соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>