ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери самбо боюнча Азия жана Океания 2023 мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Азия жана Океания чемпионаты 7-11-июнь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында болуп өттү.
ИИМдин Ички аскерлеринин 7705 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жамалбек Асылбек уулу 88 кг салмакта күч сынашып, 1-орунду ээлеген.
Министрликтен белгилешкендей, Асылбек уулу Жамалбек 2023-жылы Сауд Арабияда өтө турган Дүйнөлүк күжүрмөн өнөрү оюндарына жолдомого ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз