Сеулдан Бишкекке жаңы туруктуу авиакаттам ачылды

Сеулдан Бишкекке жаңы туруктуу авиакаттам ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда 12-июнда Сеулдан Бишкекке биринчи каттамдын ачылышынын салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарада «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул каттам эки борбор шаар – Бишкек менен Сеулдун ортосундагы байланышты бекемдеп гана тим болбостон, Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө да чоң салым кошмокчу.

Ал кошумчалагандай, «МЭА» ААК, авиакомпания жана Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөр аралык кызматташуусунун арты менен бул каттам ачылды.

Өз кезегинде Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов бул каттам көптөн бери сүйлөшүү, даярдыктардын негизинде ачылганын айтты.

«Бул авиакаттамдын ачылышы биздин инвестициялык жана экономикалык долбоорлорубуздун алдыга жылышын билдирет. Учурда биз менен бир нече ири кореялык компаниялар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Жеке мен муну Борбор Азиядагы экономикалык кереметтин жаңы доору катары карайм», — деди ал.

Ошондой эле, T’way Air авиакомпаниясынын башкы директору Джон Хонг Гын түз каттамдар үчүн колдонулган учак сапаттуу учак экенин айтып, учактагы орундардын саны 189 экенин белгиледи.

«Биз азыр жумасына бир каттам менен баштайбыз, пландарыбызда Сеул — Бишкек багыты боюнча жумасы на үч каттамга чейин кеңейтүү. Туристтер үчүн каттамдарды көбөйтүүнү пландап жатабыз, анткени Кыргызстан Түштүк Кореяда жаратылышы менен абдан белгилүү. Мисалы Кореяда туризмдин тоо треккинг турлары абдан белгилүү», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>