Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
ИИМ кызматкерлери арасында мелдеш өттү. Кимдер жеңүүчү болду?
07.07.2023 | 16:51
Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү арасында гиря спорту, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Мелдеш 5-7-июль күндөрү “Динамо” спорт комплексинде өткөн. Министрликтен белгилешкендей, ИИМдин Борбордук аппаратынын гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги жыл сайын уюштурулуп келет.
Бул жарышта 1-орунду ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы ээлеп, I даражадагы диплом жана Кубок менен сыйланган. 2-орунга ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы татыган. Аларга II даражадагы диплом тапшырылган.
3-орунду ээлеген ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы III даражадагы диплом менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом