Алайдагы памирлик кыргыздар кандай жашап жатышат?

Алайдагы памирлик кыргыздар кандай жашап жатышат?

Алай районунун Талды- Суу айыл аймагында жашап жаткан памирлик кыргыздардан жергиликтүу бийлик кабар алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, Талды-Суу айылын Элчибек Жантаев баштаган тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери барды.

Иш сапардын алкагында өкүл алардын жашоо шарты менен таанышып, көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү чараларын көрүү боюнча жеринде тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Боордоштор өлкө башчысы Садыр Жапаровго, жергиликтүү бийликке жана тургундарга жаңы жашоо шарттарына ыңгайлашууда көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Аларга турак-жай менен гана эмес, билим алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, социалдык жеңилдиктер жана алардын бакубат жашоосу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы менен камсыз кылынган.

2020-жылдын октябрь айында Ооганстандан памирлик кыргыздарды көчүрүү үчүн Талды-Сууда 11 турак жай курулган. Бул үйлөргө 87 жаран көчүп келген. Учурда айылда 88 этникалык кыргыз жашайт, анын 52си эркек, 36сы аялдар. Алардын арасында 6 жашка чейинки 22 бала, 6 жаштан 18 жашка чейинки 20 бала жана 18 жаштан жогорку 42 адам бар. 34 балага жөлөк пул берилет.

Талды- Суу айыл аймагындагы мектепте 1-класста 5 бала окуса, 1-класста жалпысынан ар кандай курактагы 32 жаран билим алууда.

Этникалык кыргыздарга буга чейин 2021-жылдын 5-июнунда президент тарабынан Талды-Суу айылында жашаган 17 үй-бүлөгө 17 жылкы, 17 музоо жана 170 баш кой тапшырылган. Мындан тышкары малын багуу үчүн малкана курулуп, кышкыга жетиштүү азык-түлүк менен камсыз болгон.

Президенттин жарлыгына ылайык Алай райондук паспорт виза жана каттоо бөлүмү тарабынан 52 жаранга жарандык паспорт алынып берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>