ИИМ: Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт

ИИМ: Митингде тартип бузгандарга катуу чара көрүлөт

Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандар  мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылат.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга , коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  ИИМ жеке  жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик, коомчулукка чагымчыл жана башка жалган материалдарды тараткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет.

Белгилей кетек, бугүн, 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары абактагы саясатчынын боштондугун талап кылып митингге чыгары айтылууда.

Садыр Жапаров буга чейин  өзү да, митинг учурунда чагымчыл аракеттер жасалышы мүмкүн экенин айтып, митингге чыгуунун кажети жоктугун тарапташтарына эскерткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>