ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 70 адам кармалды

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 70 адам кармалды

16-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген  аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 70 адам кармалып, 15 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча 39, Жалал-Абад шаары боюнча 3, Ош шаары боюнча 11, Нарын шаары боюнча 8, Ноокат району боюнча 2, Ат-Башы району боюнча 7 адам кармалган.

Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646  жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

15-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен 5 адам оорудан каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>